Баткендин чек ара аймактарында милиция алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

0
213

Милициянын көчмө кабылдамасы  Баткен районунун чек ара аймактарында иш алып барууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, Көк-Таш айылдык милиция кызматкерлери көчмө кабылдама менен чек аралаш аймактардагы Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Ак-Татыр айылдарында жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Көчмө кабылдама жергиликтүү тургундарга сервистик тейлөө көрсөтүү менен бирге жарандардын көйгөйлөрүн чечүү максатында уюштурулуп, тургундарга уурулуктун, алдамчылыктын, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында профилактикалык алдын алуу иштерин өткөрдү. Ошондой эле бул аймактарда жайгашкан мектептерге барып мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында алдын алуу иштерин жүргүздү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here