Баткендин Кайыңды айылына эки кабаттуу мектеп курулат

0
536

Баткен райондук администрациясынан билдиргенге караганда, Баткен районунун  Кайыңды айылына 150 окуучуга ылайыкташкан эки кабаттуу мектептин курулушу башталды. Курулуш иштерине мамлекеттик казынадан 90 миллион сомдон ашуун каражат жумшалат.

Маалыматта аталган мектепти 2024-2025- окуу жылына пайладанууга берилээри жазылат.

Кайыңды айылындагы Ж. Турусбеков атындагы орто мектеби авариялык абалда турат. Анткен менен быйылкы окуу жылында  ишмердүүлүгүн улантууда. 

Белгилей кетсек, аталган мектепте 182 окуучу билим алат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here