Баткендеги калыбына келтирүү иштеринде чыгымга учураган ишкерлердин 21 миллиондон ашуун акчасы кайтарылды 

0
571

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан талкаланган Баткен районунун Ак-Сай айылындагы үйлөрдү калыбына келтирүүдө баткендик ишкерлерди ири суммадагы чыгымга учураткан делген «Алмалы-Доор» курулуш компаниясынын башчысы 16 сентябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шектүүнү 16 — сентябрга чейин камакта калтыруу бөгөт чарасынын бир жолу. Мындай чечимди  Баткен облустук соту кабыл алган.

Лейлек районунун 56 жаштагы тургуну, Алмалы-Доор компаниясынын башчысы, ишкерлердин жалпы 34 миллион сомдон ашуун акчасын кайтарбай изин жашырып жүргөн. Учурда бул сумманын жабырлануучуларга 21млн 34мин 500сому кайтарылып тергөө иштери уланууда. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here