1-сентябрдан баштап кыргыз-өзбек чек арасынан ID паспорт менен өтүүгө болот

0
2411

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 1-сентябрдан баштап кыргызстандыктар Өзбекстанга, ал эми өзбекстандыктар Кыргызстанга ID-карт менен кире алат. 

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргызстан өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун практикалык ишке ашырылышы башталат.

Протоколго ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картты колдоно алат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here