Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиргенге караганда, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында айыл чарба багытындагы 2,5 гектар жер аянты сел коркунучунан коргоого алынат.
Аталган аймактын Киров тилкесиндеги Таш-Булак сайынын 1чакырымдан ашуун аралыгы тазаланды. Натыйжада 600 метр ички чарбалык арык жана 25 турак үй, ошондой эле спорт аянтчасы сел кооптуулугунан корголмокчу. – деп жазылат маалыматта.