Баткен шаарындагы көчөлөрдүн бирине чек арадагы чырда курман болгон Нургазы Боркошовдун аты берилди

0
510

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын негизги көчөсүнө кыргыз-тажик чек арасындагы калабада курман болгон Нургазы Боркошовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык бийликтен билдиришти. 

Нургазы Боркошев 1987-жылы Баткен шаарында төрөлгөн. Ал №30630 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып 2022-жылдын 16-сентябрында Баткен районунун Достук айылында тажик тараптын кол салуусунан чек араны коргоп жатып курман болгон. Боркошовдун артында эки уул, эки кыз калган.

Шаардык бийлик Боркошовдун атын өзү туулуп-өскөн көчөгө ыйгаруу иш чарасында Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов аталган көчөгө асфальт төшөлүп, тротуар куруларын убадалаганын кошумчалады. 

Шаардык кеңеш  2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын куралдуу агрессиясынан каза тапкан жоокерлердин атын Баткен шаарындагы көчөлөргө ыйгаруу токтомун кабыл алган. 

Токтомдун негизинде  Баткен шаарындагы 7 көчөгө маркум жоокерлердин ысымы ыйгарылды.

Алар, Базар-Башы кварталынын «Тынчтык» көчөсү – Нургазы Боркошов атындагы көчө;

Кызыл-Дөң кварталынын Коммунистическая көчөсү — Илимбек Мурзаев атындагы көчө;

Чет-Булак кварталынын Айгүл-Гүлү көчөсү — Санжар Анаркулов атындагы көчө;.

Чет-Булак кварталынын Чет-Булак-6 көчөсү — Айбек Абдиллабеков атындагы көчө;

Базар-Башы кварталынын «Токтогул-Олуя-2» көчөсү — Махамаджан Мапаев атындагы көчө;

Кызыл-Жол кварталынын Айдың-Көл көчөсү — Дурусбек Каныбек уулу атындагы көчө болот;

Кызыл-Дөң кварталынын Тамаша-Жай көчөсү — Айбек Ысманов атындагы көчө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here