Баткенде аялдардын эл аралык форуму өтүүдө

0
363

Баткен шаарында «Чек арага жакын жайгашкан аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу аялдардын орду” аттуу III Эл аралык аялдар форуму өтүүдө.

Иш чара тынчтыкты сактоодо жана жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын ролун жогорулатуу максатында республикалык жоокерлердин энелер комитетинин демилгеси менен уюштурулду.

Форумдун жүрүшүндө, чектеш аймактарда тынчтыкты сактоодогу аялдардын орду, кызматташуунун жаңы мейкиндиктери тууралуу докладдар окулуп, ой пикирлер ортого салынды.  

Ошондой эле Баткен областындагы аялдар кеңешинин, аскер кызматындагы аялдар кеңештеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here