Чек арадагы окуяда толук өрттөлгөн Ак-Сайдагы тоок фермасы Баткен шаарында ачылат

0
893

Баткен шаарынын Чет-Булак тилкесинде 40 миң тоокко ылайыкташкан тоок фермасы ачылат. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти. 

Ага ылайык, аталган фермага облус башчысы Абдикарим Алимбаев  барып курулуш иштеринен кабар алды. 

Учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктаган.

Жабдуулар Түркия мамлекетинен алынып келинип, иш процесси, заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган ыкмада жүрөт.

Жакынкы күндөрү тоокторду алып келүү күтүлүүдө. Ферма пайдаланууга берилсе күнүнө 35 миңге жакын жумуртка алынып, жалпы 15 жумушчу орун түзүлөт.

Тоок ферманы куруу үчүн  ишкер Адилет Абдувалиевге мамлекет тарабынан 30млн сом жеңилдетилген насыя берилген. Алдыда өндүрүлгөн продукция импорт жана экспортко чыгат.

Эске салсак, ишкер Адилет Абдувалиевдин атасы  Матиса Надиров Баткен районунун Ак-Сай айылында алгачкылардан болуп тоок фермасын ачып, Баткен аймагын жумуртка менен камсыздап турган. Ишкердин фермасы 2022-жылдын сентябрь айында чек арадагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, өзү каза болгон. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here