Лейлек районунун аймагындагы “Лейлек”, “Сары-Дөбө”, “Алга”, “Булак-Башы” орто мектептери жыл соңунда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда аталган мектептерден сыркары “Келечек”, “Жаш-Тилек” орто, “Лайлы” башталгыч мектептеринин курулушуда жүрүп жатат.
Бул курулуштарды бүтүрүү 2024-жылга болжолдонгон. Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары тарабынан курулуш иштерин өз мөөнөтүндө сапаттуу аткаруу катуу көзөмөлгө алынган. – деп белгиленет маалыматта.