Баткенде “Мурас” автобазасы ачылды

0
632

Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылында «Автобаза Мурас» муниципалдык ишканасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралу Баткен райондук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, бул ишкана айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде район аймагында биринчилерден болуп ачылды.

Дара айыл өкмөтү 9 айылдан туруп, 5 айылы жогорку зонада жайгашкан. Бул 5 айылда негизги көйгөйлөрдүн бири Баткен-Кайыңды автоунаа жолу болуп келген. Баткен — Кайыңды автоунаа жолунда жылына 3-4 жолудан кем эмес тегиздөө иштери жүргүзүлүп турат. Себеби жолдордун абалы өтө оор, аны менен кошо жаан жааган мезгилде сел менен кошо таш жана кум, шагалдар жолго агып түшүп, тегиздөөгө муктаж болушат.

Бул көйгөйлөрдү чечүү жана алдын алуу максатында жаңы ачылган ишканага самосвал HOWO, автогрейдер жана жол тегиздөөчү атайын керектүү техникалар алынып келинди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here