Баткенде уникалдуу “Дугаба” альпинисттик- туристик базасынын ачылышы болду

0
1431

Бүгүн 4-августта Кадамжай районунда жайгашкан  “Дугаба” альпинисттик- туристик базасынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу облусттук бийликтин басма сөз катчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, “Дугаба” альпинисттик-туристтик базасы Кыргызстандын Токой экосистемаларынын интеграциялап башкаруу долбоорунун алкагында, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын жана Глобалдык Экологиялык Фонддун каржылоосу менен дээрлик 34млн сомго толук жаңыланып, туристер үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

 

Аталган базада эс алуучулар үчүн бардык заманбап шарттары менен  84 орун бар. Эс алуу базасынын жалпы аянты 40,0 гектарды түзөт. – деп белгиленет маалыматта.

Эске салсак, “Дугаба” эс алуу комплекси 1997- жылы  негизделген. Ал Кадамжай шаарынан 31 чакырым алыстыкта жайгашкан. Дугаба туристик базасына коңшу Өзбек Республикасынын Шахимардан анклавы аркылуу өтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here