АРИС куруп жаткан Баткендеги 10 социалдык обьект жыл аягына бүткөрүлөт

0
373

Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.    

Учурда социалдык объекттердин курулушу жүрүп жатат, алар керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылат.

Жыл аягына чейин курулушу аяктай турган объекттердин тизмеси:

— Баткен районундагы Б. Нарматов мектебинин кошумча окуу корпусу;
— Ак-Сай айылындагы «Жакшылык», «Эделвейс» бала бакчалары;
— Кызыл-Бел айылындагы А. Масалиев мектебинин кошумча окуу корпусу;
— Көк-Таш айылындагы «Учкун» бала бакчасы;
— Ак-Сай айылындагы Ходжаев мектеби
— Достук айылындагы орто мектеп
— Достук айылындагы ФАП;
— Достук айылындагы «Бөбөктай» бала бакчасы;
— Чоң-Талаа айылындагы орто мектеп;
— Көк-Таш айылындагы башталгыч мектеп;

Жогоруда аталган объектилердин баары керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылаары белгиленди.

Жетекчилер социалдык объекттерде жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын камсыздоо зарылдыгын белгилеп,курулушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here