Кадамжайда 180 үй сел коркунучунан корголот

0
357

Баткен облусунун Кадамжай районунун Охна айылында сел өтүүчү сайда коргоочу тосмону калыбына келтирүү иши жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматта, Бостон, Гүзөр участкасында жүрүп жаткан курулуш иштери 1,5 метр тереңдикти камтыйт.

Калыбына келтирүү иштери аякталса, 180 турак үй, 4 чакырым ички чарбалык жол жана 190 гектар айыл чарба жер аянты сел кооптуулугунан коргоого алынаары жазылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here