Кулундуда милиция кызматкерлери мал уурулуктун алдын алуу чараларын көрүүдө

0
323

Лейлек районунун Кулуңду, Сада, Интернационал айылдарынын жашоочуларына мал уурулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

“Мал ууру” аталышындагы иш-мерчеминин негизинде милиция кызматкерлери 6 топко бөлүнүп алышып, чек ара аймактарында жашаган 600 гө жакын кожолукту камтыган жарандардын турак-үйлөрүнө барып, паспорттук текшерүүлөрдү анын ичинде уурдалган малдарды аныктоо, уурдалган автоунааларды текшерүү боюнча иштерди алып барышты.

Иш чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга мал сарайларды кечинде бекитүүгө, кулпуларды салууга, мал камаган жайларды түнкүсүн жарыктандырууга, талаа-түзгө малдарды кароосуз айдабоого чакырып, чектешкен аймактарда чагымчыл аракеттерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here