Кытайлык дарыгерлер 600 кыргызстандыктын көзүнө акысыз операция жасайт

0
640

Бул тууралу 25-июлда өткөн саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова менен Кытай элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда белгилүү болду. 

Маалыматка  караганда, ушул жылдын сентябрь айында Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун “Экспресс ден соолук” долбоору ишке ашат. Анда 600 кыргызстандыкка катаракта илдетине бекер операция жасоо пландалууда. 

Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт. Мындан тышкары, офтальмология бөлүмү үчүн кароо кабинетин түзүүнү камсыз кылуу максатында Ош облустар аралык бириккен ооруканасы керектүү медициналык жабдууларды бекер алат.

Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кытай тарап аталган медициналык мекемелердин базасында операцияларды жүргүзө турган медициналык адистердин эки тобун жөнөтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here