Тажик тарап милициянын талкаланган  унаасынын чыгымдарын төлөп берет

0
1239

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяда зыян көргөн милициянын унаасына  келтирилген чыгымды тажик тарап калыбына келтирет. Бул тууралуу чек ара кызматы эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгын кабарлаган маалыматта жазды. 

Ага ылайык, жолугушууда тараптар чырды иликтеп, ага тиешеси бар адамдарды аныктап жана келтирилген чыгымдардын ордун толуктоо маселесин да карашкан. Анда тажик тарап Кыргызстандын милиция кызматкеринин автоунаасына келтирилген чыгымдын ордун тургузуп берүүгө даярдыгын билдирген.

Белгилей кетсек, кечээ 24-июль күнү кечке маал Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары бараткан унааны Ворух анклавынан Хожаи Аъло айылына бараткан тажик жарандары унаалары менен тосушкан. 

Анын кесепетинен Дача жергесинде аталган тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Окуя болгон жерге ИИМдин кызматкери барганда Хожаи Аъло айылынын тургундары ага кол салган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here