Кечээ 24-июлда Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Суу- Башы каналы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган каналдын 2,5 чакырымы кайрадан курулду. Каналдын 50% жараксыз болуп, айылда суу таңкыстыгы жаралган болчу.
Каналдын сметалык баасы 14 млн 600миң сомду түзгөн. Ага “Эмират” кайрымдуулук фонду тарабынан 60 миң АКШ доллар, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 750 миң сом каражат жумшалды.