Кадамжайдын Кайтпас айылында 76 млн сомдук мектептин курулушу аяктады

0
830

Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Кайтпас айылында 275 орундуу мектептин курулушу 98%га аяктады. Типтүү мектептин курулуш иштери республикалык бюджеттен 76 млн сомго каржыланган.

Заманбап билим уясында талапка ылайыктуу шарттар түзүлүп, ажаатканасы, спорт залы жана ашканасы менен курулду.

Учурда мектеп имаратынын сырткы жагында жөлөкчөлөрдү куруу иштери бүткөрүлүүдө.

Кайтпас айылындагы “Ж.Бөкөнбаев” орто мектебинде жаңы окуу жылында 700дөн ашык бала билим алат. Жаңы билим уясы жаңы окуу жылына карата балдарды кабыл ала баштайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here