Баткенде эки өрт кырсыгы катталды

0
730

Кечээ 4-июль күнү Баткен облусунун аймагында эки өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Салам Медиага” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти. 

Ага ылайык,  өрттүн бири Кадамжай районунун Тажик-Кышлак айылындагы турак үйдүн навесинен чыккан. Өрттүн жалпы аянты 50 чарчы метр. Кырсыктын себеби катары электр зымынын кыска туташуусу айтылды.

Ошондой эле  дагы бир өрт Лейлек районунун Кулунду айылындагы Кусулук сайындагы талаада катталган. Аталган талаадагы  кургак чөп, өрттөнүп кеткен. Катталган эки тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here