Кадамжайда 3 тоннага жакын жүзүм жана алчаны мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды

0
635

Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун аймагында кыргыз жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унаадан 15 куту жүзүм жана 357 кутуда алча табылган. Жүктө бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери жок болгон.

Кармалган товардын жалпы салмагы 2938,8 кг түзгөн. Анын орточо базар баасы 438 миң 795 сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча чогултулган материалдар бажы кызматынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here