Баткенде 1-класска кабыл алуучу 14 мектеп толду

0
474

Үстүбүздөгү жылдын  3-июлуна карата Баткен облусундагы 224 мамлекеттик мектептин 14үнүн 1-класска кабыл алууга орундары толду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, өлкө аймагында  биринчи класска электрондук кабыл алган 2 миң 84 жалпы билим берүү уюмдарынын ичинен 117 мекемеде орундар толду.

Белгилей кетсек, 26-июндан 31-августка чейин 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы өтүүдө. Экинчи этапта жашаган жерине карабастан баланы каалаган мектепке каттоого болот, эгерде бош орундар бар болсо.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here