Баткен облусунда ушул жылдын беш ай аралыгында тамак аштан ууланган 5 адам катталды. Бул тууралуу Салам Медиага Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Дыканали Жунусалиев маалымдады.
Маалыматка таянсак, уулангандардын үчөө Баткен районунун Самаркандек айылында катталган. Ал эми эки учур Кадамжай районунда болгон.
Адистердин айтымында алар базардан тамак аш жеп ууланышкан.
Тамактан улануулардын алдын алуу максатында 155 пландуу текшерүүлөр тез татым, ашкана жана соода-сатык түйүндөрүнө жүргүзүлгөн. Анын ичинен 45 жаранга 112 000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынган.