Кадамжайда 8 жашар баланын жансыз денеси Ак-Суу дарыясынан табылды

0
872

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8 жаштагы бала 27-июнь күнү саат 22:25 чамасында Кадамжай шаарындагы Ак-Суу дарыясына түшүп кеткен. 

Издөө иштерин жүргүзүүгө 13 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 киши тартылган. 

Куткаруучулар тарабынан 28-июнь күнү саат 08:30та баланын сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here