Лейлекте турак үйдөн өрт чыкты

0
712

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, окуя кечээ,  26-июнь күнү саат 21:46да  Лейлек районуна караштуу Тогуз-Булак  айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылында орун алган. Жерине өрт өчүрүүчүлөр барып, тилсиз жоо саат 01:39да толугу менен өчүрүлгөн. 

Өрттүн жалпы аянты 100 м2. Өрттүн чыгуу себеби электр плитасын кароосуз калтыруу экени айтылды. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Учурда материалдык чыгымдар такталууда. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here