Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү күтүлөт

0
1974

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20-июндан 22-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлүп жатканын эскерткен билдирүү таратты.

Министрликтен билдиргендей табият кырсыктарында коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын менчигинин түрүнө карабастан күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 21-июнда Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here