Баткен электр тармактар ишканасынын башкы инженери Асылбек Артыков облус аймагындагы байма-бай өчүрүлүп жаткан электр жарыгынына табийгый кырсыктар себеп болгондугун айтты.
Анын белгилөөсүндө электр мамычаларынын катарына отургузулган дарактар кулап, ток өткөн зымдарды үзүп салгандыгын маалымдады.
Кезексиз өчүрүүлөргө башка себеп жок экендигин, электр энергиясына керектелүүчү каражат жана кызмат күчү жетиштүү экендиги белгиленген.