Кызыл-Кыя шаарынын эки тургуну баңгизат сатууга шектелип кармалды

0
449

Бул тууралуу Салам медиага облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Баткен РИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине жеткен маалымат боюнча Кызыл-Кыя шаарынын эки тургуну,  баңгизат сатууну алдын ала сүйлөшүп алышып, Баткен облусунун аймагында баңгизат сатуу боюнча туруктуу канал түзүшкөн. 2023-жылдын  май  айында  Кызыл-Кыя шаарынан шектүүлөр  сатууга алып келишкен  бангизатына далил буюм катарында бир нече жолу “контролдук” сатып алуу жүргүзүлүп, дайындалган соттук-химиялык экспертизанын  корутундусуна  ылайык, алынган зат  30  грамм  “гашиш” бангизаты экендиги аныкталган.

Тергөө учурунда шектүүлөр банги затын сатуу менен эле алектенбестен, башка дагы кылмыш иш жасагандыгы аныкталган. Тактап айтканда,  шектүүлөр Баткен облусунда баңгизаттарын сатуу боюнча туруктуу канал түзүшүп, бир нече убакыттан бери мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүрүшкөн. Кармалгандар мыйзамга ылайык Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына  киргизилген.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here