Баткендин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык коому үчүн семинар өттү

0
353

Ош шаарында өткөн иш-чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, өкмөттүк эмес уюмдардан, жергиликтүү бийлик, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Семинарда гендердердик теңчилик, климат, тынчтык темалары талкууланып, бул багыттарга байланышкан маселелерди өнөктөштүк аркылуу чечүү тууралуу сөз болду. 

Жыйын “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында өттү. 

Долбоор Кыргызстандагы БУУнун аялдар түзүмү, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба боюнча уюму жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан БУУнун тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Долбоордун максаты — Кыргызстандагы климаттык коопсуздук маселелерин чечүүдө аялдардын жарандык коомдук уюмдарынын институционалдык потенциалын жогорулатуу жана стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусу үчүн жагымдуу чөйрө түзүү аркылуу демилгелүү аялдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын бирдиктүү иш алып баруу механизмдерин жана үлгүлөрүн жаратуу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here