Кыргызстанда акыркы жумада 21 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган

0
336

Үстүбүздөгү жылы 13-майдан 19-майга чейинки аралыкта өлкө аймагында айдоочулар тарабынан 21 миң 351 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эң көп  6 427учур транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу катталган. Мындан сырткары: 

— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 580;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-363;

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-171;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -142;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-51;
— авто ээнбаштык — 4;
— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 611;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 59 унаа айып короосуна токтотулган.

Автор: Сезимай Жураева

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here