Баткенде 300 миң сомдон ашуун контрабандалык жүктү аныкташты

0
589

Баткен бажысы кыргыз жаранынын башкаруусундагы унаанын жук бөлүгүн бажылык текшерүү жүргүзүүдө себүү үчүн рөндүк картошка товарын аныктаган.  Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аныкталган жүк Пакистанда өндүрүлүп, коңшу өлкө аркылуу  Кыргызстандын аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок алынып келинген.

Жүктүн салмагы 13 200 кг, баасы 330 000 сомду түзгөн. Учурда жалпы суммасы 78 905 сомду түзгөн айыптык санкциялар жана бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Автор: Нурпейил Ашур кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here