ӨКМ: «Төрт-Күл суу сактагычына чөккөн баланы издөө уланууда»

0
605

Бүгүн 16- майда Баткенде Төрт-Күл суу сактагычына кайык менен сейилдөөгө барып, чөгүп кеткен эки баланын бирөөсүн издөө иштери уланууда. Ага 16 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, экинчи баланы издөө иштери бүгүн, таңкы саат 06:10до башталган. Мындан сырткары эки милиция кызматкери жана баланын жакындарынан 20 жаран тартылган. 

Белгилей кетсек,  аталган суу сактагычка чөккөн балдар тууралуу  14- май күнү  кечинде маалымат келип түшкөн. Ошол эле күнү издөө иштерине саат 20:50дө ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылып, 15-май күнү саат 08:35те 2009-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгү  табылган.

Автор: Нурпейил Ашур кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here