Баткен шаарында Кыргызтандын баш мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы, белгиленди. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы кабарлады.
Иш чара, баш мыйзамды кабыл алууга катышкан легендарлуу парламенттин депутаттарынын, тарыхчылардын, жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда өттү.
Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, салтанаттын катышуучуларын, жалпы кыргызстандыктарды конституциянын кабыл алынган күнү менен куттуктады.
Иш чаранын жүрүшүндө баш мыйзамдын тарыхы, маани маңызы тууралуу докладдар окулду.