Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,6 млрд долларды түзөт

0
525

Ушул жылдын февралына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын (ички жана тышка) көлөмү 5 млрд 698,90 млн долларды же 489 млрд 439,29 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен ички карыз — 1 млрд 104,53 млн доллар, ал эми тышкы карыз — 4 млрд 494,37 млн доллар.

Мындан мурда 2023-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы+ички) бюджеттен 9 млрд сом бөлүнгөнү маалымдалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here