Мектеп директорлорун окутууга министр катышты

0
291

Эки күн бою Баткен облусундагы жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк окутуу башталды.

Бул окутуунун максаты, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине заманбап натыйжалуу менеджерлик башкаруунун усулдары, ыкмалары, каражаттары менен тааныштыруу жана талкулоо, жеке иш тажрыйбалары менен бөлүшүү; билим берүү уюмдарына каражат тартуу боюнча долбоор жазууну үйрөнүү, эл аралык PISA программасына, жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу.

Бүгүн 29-апрелде окутууга Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Баткен облусунун башчысы, министрдин кеңешчиси Гапыр Мадеминовдор сөз сүйлөп, билим берүү тармагын колдоо, өнүктүрүү, билим сапатын жогорулатуу, мугалимдердин статусун көтөрүү, билим берүү уюмдарынын директорлорунун ишин жакшыртуу боюнча сунуш пикирлерин айтышты.

Белгилей кетсек Баткен облусунда бүгүнкү күндө 235 мамлекеттик, 11 менчик мектептер бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here