“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан азыркы тапта эски асфальтты сыйрып алуу иштери аткарылууда. Бул тууралуу №2 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси билдирди.
Анын айтымында, жол оңдоо иштери апрель айында башталган. Быйыл Баткен — Боз-Адыр (Ош — Баткен — Раззаков жолунун эски багыты) унаа жолунун 195-207 -чакырым аралыгын асфальттоо каралган.
Жалпы 22 чакырым болгон жолдун 12 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жай айларында жыйынтыкталат.
Жер иштери бүткөн соң жаңы асфальт төшөө бардык жол куруу нормаларына ылайык салынат.