Кадамжай-Чечме унаа жолун оңдоодо 41 млнга жакын каражат уурдалган

0
1765

Башкы прокуратура Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо иштерин жүргүзүүгө бөлүнгөн каражаттан 41 млн сомго жакыны жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып кеткендигин  аныктады.

Башкы прокуратурадан билдиргендей, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Кадамжай-Чечме участогуна 20 км узундуктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча келишимдин негизинде 40 млн. 888 миң сом бюджеттик акча каражаттарын мыйзамсыз өз кызыкчылыктарына колдонуп жиберишкендиги аныкталган.   

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергелүүдө. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here