Баткен шаарында эс алуу бактары реконструкцияланат

0
616

Баткен шаарындагы «Жаштык» жана «Жеңиш» эс алуу бактарында көрктөндүрүү, жаңыртуу боюнча көлөмдүү жумуштар аткарылат.

Эс алуу бактарына тротуар төшөлүп, жарыктандыруу орнотулуп, инженердик тармактары реконструкцияланат. Мындан тышкары, паркта ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жаңы объекттер пайда болот.

Аталган эс алуу бактары СССР мезгилинде 1980-жылы парк катары түзүлүп, пайдаланууга берилген. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2004-2005-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Андан бери жыл сайын бактын ичинде жайгашкан таштанды салуучу урналар, отургучтар оңдолуп, жаңыланып келет. Бирок кээ бир жарандардын кайдигерлигинен жараксыз абалга келтирилген учурлар жок эмес.

Быйыл мэриянын демилгеси менен Дүйнөлүк банк каржылоого алып, АРИС тарабынан эс алуу бактары толук реконструкциядан өтөт деп Баткен шаардык мэрядан билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here