Баткенде Тажикстандын аймагына кирип кеткен жылкы кайтарылды

0
749

Бул тууралуу Баткен облусттук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, кайтарылган жылкы үстүбүздөгү жылдын 23-марттын түнү байланып турган жеринен бошонуп кетип, коңшу Тажикстандын Исфара районунун Лаккан айыл аймагына кирип кеткен.

Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара райондук милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен 6-апрель күнү жылкы өз ээсине кайтарылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here