Кадамжайда милициянын көчмө кабылдамасы мектеп окуучулары менен жолукту

0
230

Кадамжай райондук ичики иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы Орозбеков айылына барды. Бул тууралуу Баткен облустук милиция башкармалыгынан маалым кылышты.

Милициянын автокабылдамасы Орозбеков айылындагы гимназия мектебине жайгаштырылып, кызматкерлер окуучулар менен бирге эле айыл элине да бир топ түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мектеп окуучуларына жол эрежелерин сактоо, коопсуздук темасында маалыматтар берилди.

Орозбеков айылыннын тургундарына болсо кылмыштуулуктун алдын алуу багытында мал уурулуктарга жол бербөө, телефон аркылуу чыккан шылуундарга кириптер болуп калбоо тууралуу эскертүүлөр айтылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here