Айдаркен шаарында жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө

0
529

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, милициянын участкалык жоопкер кызматкерлери мектеп мугалимдери менен биргеликте Айдаркен шаарынын №19 «Батырбек Садыков» атындагы орто мектебиндеги мектеп окуучулары менен жолугушууларды уюштурду.

Жолугушууда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, зордук-зомбулукка жол бербөө, укук бузуулардын алдын алуу, эрте никеге туруу боюнча темалар козголуп, талкуу жүрдү. Ошондой эле мектеп окуучуларынын ортосунда топтошуп мушташуу, мектеп рэкетчилигин болтурбоо максатында коомдо орун алып жаткан терс көрүнүштөр кайталанбашы үчүн алдын алуу иштери өткөрүлдү.

Сабакка себепсиз келбей, акча табуу максатында өз алдынча эмгекке тартылып кетпөөнүн алдын алууда ар бир мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында соцпедагоктор менен биргеликте жыйналыштар уюштурулуп, эскертүүлөр берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here