Казакстанда 20 жыл документсиз жүргөн Кыргызстандык аял өз мекенине кайтарылды

0
668

2003-жылдан бери өздүгүн тастыктаган документтери жок, оор турмуштук кырдаалга кабылган кыргыз аял Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстанда жашап жүргөн 56 жаштагы кыргызстандык аялды Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу жана «Жаш Муун» кыргыз диаспора өкүлдөрү аныкташкан. Мындан башка 2008-жылы төрөлгөн өспүрүм кыз да Кыргызстанга кайтарылган. 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында Кыргызстандын чет жактагы өкүлчүлүктөрү жарандардын кайрылуусуна ыкчам жооп берип, алардын укугу менен кызыкчылыктарын коргоо аракетинде деп жазылган. 

Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here