Баткенде эл аралык фестивалга катыша турган спектаклдин бет ачары болот

0
433

Бүгүн 30-мартта Баткен шаарында Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрында саат 15:00дө “Магтымгулы пырагы” спектаклинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу Облусттук музыкалык-драма театрынын жетекчиси Бакытбек Акматов билдирди.

Театр бул спектакль менен Түркмөнстанда өтүүчү, жазуучу Мактым Кулинин 300 жылдык маарекесине арналган фестивалга Кыргызстандын атынан катышат. 

Белгилей кетсек, оюнду  Бакен Кыдыкеева атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Урматкан Алим даярдаган. Режиссёр Түркмөнстандан атайын чакыртылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here