Кадамжай районунда жашаган 143 үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз акча тапшырылды

0
744

Бул тууралуу Кадамжай райондук эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынан билдиришти.

Каражат алган бүлөлөр социалдык келишим долбоорунун негизинде жеке ишкерлик менен алектенишет. Кайтарымсыз каражатты алган жарандар кантип долбоор жазып, иш жүргүзүү керектиги боюнча Эмгек социалдык коргоо жана миграция министрлигинин окутууларынан өтүшөт.  

Социалдык келишимдин негизги максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү чакан ишкердик менен алектенүүсүнө түрткү берүү.

Райондо биринчи ирет пилоттук долбоор жакшы жыйынтык бергендиктен, алдыда дагы 450 үй-бүлөгө каражат берүү каралган.

Белгилей кетсек,  буга чейин  район аймагында долбоордун алкагында өз ишкердигин жүргүзүп келген 100 үй-бүлө бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here