Баткенде Айгүл гүлүнө үч жылга кирүүгө тыюу салынды

0
1272

Бул тууралуу Салам Медиага район акими Учкунбек Жоробаев  билдирди.

“Акыркы жылдары  Айгүл гүлүн көргөнү келген туристер, жарандар тарабынан гүлдөр тебеленип, үзүлгөндүктөн жылдан-жылга азайып барат. Сейрек кездешүүчү гүлдү сактап калуу максатында Баткен Токой чарбачылыгы менен биргеликте үч жылга мораторий жарыяланган. Токой чарба тарабынан быйыл гүлдөн урук алынып, беш гектардан ашык жерге гүлдүн уругу себилген. Ал гүл быйыл чыгат, эгерде быйыл дагы элдердин кирип чыгуусуна уруксат берип койсок, быйылкы чыккан гүлдөр да тебеленип кыйроого учурайт. Ошондуктан биз  үч жылга кирүүгө тыюу салдык ” — дейт Учкунбек Жоробаев.

Мунун бирден-бир себеби Баткенде өскөн уникалдуу Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатын көздөйт. 

Белгилей кетсек, 1978-жылы СССРдин “Кызыл китебине” киргизилген. 2008-жылы аянты 250 гектарды түзгөн “Айгүл Тоо” ботаникалык коругу ачылган. Айгүл гүлү апрелде ачылып, эки жумадай гана гүлдөйт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here