Баткен районунда ички жолдор оңдолууда

0
397

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылында ички жолдорду оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу №2 жол тейлөө ишканасынан кабарлады.

Маалыматта, башкы пландын негизинде Капчыгай айылын ички автомобиль жолдорун, капиталдык ремонттоо жана асфальт төшөө, шагылдоо жумуштары аткарылууда. Айылдын  жолдорун биринчи фаза боюнча оңдоп-түзөө, курулуш кемчиликтерин жоюу иштери башталды.

Ошондой эле, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылында да башкы пландын негизинде ички жолдор кеңейтилип, шагылдоо иштери жүрүүдө.

«Эки айылды, эки айда бүтүрөбүз. Капчыгай айылында 5 км, ал эми Достукта 2,9 км жерге асфальт төшөлөт. «- дейт жол тейлөө мекемесинини жетекчиси.

Курулуш иштери  мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. 

Белгилей кетсек, өткөн жылы Ак-Сай айылында 1 км жерге асфальт төшөлгөн.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here