Баткенде азык түлүк уурдоого айыпталып үч жаран кармалды

0
789

Бул тууралуу облусттук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар Баткен шаарынын 16,21 жана 25 жаштагы тургындары экени маалым болду. Алар Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын 34 жаштагы тургунунун азык-түлүк сатуучу дүкөнүнөн жыл башында күнүмдүк керектелүүчү буюмдарын уурдоого шектелүүдө.

Бул факты Баткен РИИБдин КБРне кылмыш жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here