Лейлекте укук бузган 15 жаранга протокол толтурулду

0
815

Облустук милициянын маалыматына таянсак,  ар экинчи күнү өтчү Арка2 айылындагы жайма жана мал базарда мыйзам бузулуулар боюнча милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Лейлек районуна караштуу айылдарда соода сатык жайларда, дүкөн ээлерине ККМ аппаратын орнотууну, салыктарды өз убагында төлөө боюнча да түшүндүрүү иштери өттү. 

Борбордук айылында жайгашкан Хамза атындагы орто мектебде окуучулардын ата-энелеринин катышуусунда жыйын өтүп,  анда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча темалар козголуп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү жана кеңештер айтылды. 

Райондогу мындай алдын алуу иш чараларынынын жыйынтыгында жалпы 15 жаранга КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде  протоколдор толтурулуп, эскертүүлөр берилди. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here