Кыргызстандын Сеймология институту 21-март күнү кечки саат 22:47де Афганистандын аймагында очогунда күчү 8 баллга чейин сезилген жер титирөө катталганын билдирди.
Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.