Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, М.Салихов жана Сайдиман ажы көчөлөрүнүн кесилишине чейин жолду экиге бөлгөн тосмолор орнотулат. Мындан улам Салихов көчөсүндөгү тротуар куруу иштери бүткөрүлүп, жол төрт метрге кенейтилди. Учурда жолду тегиздөө иштери жүрүп жатат.
Бул араткеттер жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол тыгынын жаратуучу көйгөйдөн арылуу максатында аткарылууда.