Куралдуу жаңжалда жараксыз болгон документтер баары калыбына келтирилди

0
556

Чек ара окуясында жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик каттоо кызматы жалпы 826 жарандын арызын кабыл алган.

Алардын ичинен Лейлек районуна 380 Баткен районуна 414 жана Кадамжай районуна эвакуация болгон 31 жарандан арыз келип түшкөн.

Бүгүнкү күнгө карата 826 жарандын баарынын документтери толугу менен калыбына келтирилип, тапшырылды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here